Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Чехия Парламентинин депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-мартта Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Чехия Республикасынын Парламентинин депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек менен жолукту.

Ян Гамачек жетектеген Чехия Республикасынын парламенттик делегациясын жылуу кабыл алып жатып, Мамлекет башчысы Кыргызстан демократиялык өлкөлөрдөн келген делегациялардын сапарына зор маани берерин белгиледи. Андан тышкары Чехия депутаттарынын бул келиши эки өлкө ортосундагы алака-катыштардын өнүгүшүнө өбөлгө болоруна үмүт артарын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев эки эл ортосундагы достук мамилелерге  совет доорунда Кыргыстандын, анын ичинде атамекендик өнөр жайдын калыптануу мезгилинде бекем негиз салынганына токтолду.

Өз кезегинде Чехия Парламентинин депутаттар палатасынын Төрагасы Ян Гамачек  жылуу кабыл алганы үчүн  Президент А. Атамбаевге ыраазылыгын билдирип, бул иш сапар эки өлкө ортосунда ар кайсы тармакта алака-катышты жандандырарына ишенерин белгиледи.

Ян Гамачек Кыргызстандын демократияны бекемдөө боюнча жетишкендиктерин баса белгилеп, региондо болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөргөн бирден-бир өлкө экенин айтты.

Чехия Парламентинин депутаттар палатасынын Төрагасы эки тараптуу парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгына токтолду.

Европалык биримдик тарабынан Кыргызстанга «ВСП+» статусун берүү алдыннда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө кыргыз-чехиялык Экинчи бизнес-форумдун мааниси баса белгиленди.

Жолугушууга Чехия Парламентинин депутаттары Павел Ковачик, Збынек Станюра, Йозеф Углик жана Чехиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова катышты.

2016-жыл 16-март