Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-мартта, өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы укук коргоо түзүмдөрү, ошондой эле өкүлчүлүк бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги тууралуу маалымат алды.

Индира Жолдубаева ошондой эле өлкөдө адилеттүү базар мамилелерин өнүктүрүү максатында ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралар жана коорупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыда турган мамлекеттик милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдуулукту жана мыйзамдарды так сактоону камсыз кылуунун маанилүү экендигин баса белгиледи. 

2016-жыл 15-март