Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-мартта, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысы коррупциялык кылмыштарды ачуу жана тергөө ишмердигинин уюштурулушу, ошондой эле антикоррупциялык иш-чараларды активдештирүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат алды.
Президент Алмазбек Атамбаев бардык деңгээлдерде коррупцияга каршы күрөштү мындан ары күчөтүү жана антикоррупциялык ишти жакшыртуу зарыл экендигин белгиледи.