Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Э.Гареев атындагы ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-мартта, Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев менен бирге Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын территориясын көрктөндүрүү боюнча башкы план менен таанышты.

Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кенештин Төрагасы, Премьер-министр жана депутаттар Ботаникалык бактын территориясындагы болочоктогу сквердин ордунда тал-теректердин көчөттөрүн отургузушту.

Андан соң Мамлекет башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Ишембиликке ошондой эле Кыргыз Республика Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республика Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республика Өкмөтүнүн Аппаратынын жана борбор шаардын мэриясынын  кызматкерлери катышышты.

2016-жыл 12-март