Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-мартта кол койгон буйрукка ылайык Казаков Бөкөнбай Жаныкеевич берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директорунун кызматынан бошотулду.