Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев аскер түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-мартта, аскер түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн мындан ары өнүктүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле аскердин согушка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Кеңешменин катышуучулары Президентке ошондой эле стратегиялык өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташуунун өнүгүшү жөнүндө баяндап беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев аскер түзүмдөрүнүн жетекчилерине бүгүн Мамлекет башчысынын буйругу менен жаңыдан дайындалышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары Орозматов Кубанычбек Апазовичти жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басары Чомоев Нурлан Нуридиновичти тааныштырды.

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо жана өнүктүү боюнча ишке ашырылып жаткан чаралардын маанилүү экендигин, ошондой эле аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо чараларын, анын ичинде аларды турак-жай менен камсыз кылууну мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

2016-жыл 7-март