Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргызстан айымдары!

Сиздерди 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаздын жарчысы болуп келип, таңкы желаргыдай көңүл сергиткен бул касиеттүү күн аялзатынын бактысына жазылган.

Балдарын мээримге бөлөп, бөпөлөп өстүргөн энелерге, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап да, жаны тынбай эмгектенген аялдарга канча таазим кылсак да аздык кылат.

Карт тарыхта далай согуштар менен жокчулуктардын азабын тартса да, улут тукумун улап, жарыкчылыкка балдарды жаратып жана эресеге жеткирип келген апаларыбызга өзгөчө урмат жана даңк!

Бардык мезгилдерде кыргыздын кыраан кыз-келиндери эркектер менен кошо Мекенин коргошкон, улут тагдырына тете маселелерди чечүүгө катышкан. 

Өлкөбүздө азыркы тынчтыктын жана ынтымактын өкүм сүрүшүндө,  мамлекет пайдубалын чыңдоодо сиздердин эмгекке баа жетпейт.

Талыкпас эмгеги, ар кандай турмуштук кырдаалда сабырдуулугу, чыдамкайлыгы жана акылгөйлүгү менен бүт үй-бүлөгө, мамлекетке бейпилдик менен аруулук алып келген аялдар өзгөчө урматка арзыйт.

Кыргызстанда бардык тармакта: бизнесте, илимде, маданиятта жана коомдук турмушта аялдардын орду чоң. Ал эми билим жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө аялдар басымдуулук кылат.

Ардактуу айымдар!

Үй-бүлөнүн очогу дайыма жанып, мээримге бөлөнүп турганы үчүн сиздерге миң мертебе ыраазыбыз.

Сиздер болгон үчүн дүнүйөбүз жарык, көңүлүбүз шат, пейилибиз жоомарт. Ишиңиздерди ийгилик коштосун, үйүңөр ырыскыга толсун, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Үй-бүлөңүздө, жамаатыңызда, курбу-курдаштар арасында дайыма сүйүүгө бөлөнүңүздөр.

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                               Алмазбек Атамбаев”

2016-жыл 7-март