Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу судьялар жана соттор коомчулугунун өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Бүгүн коомдо сот системасынын  ролун жана ордун түшүнүү бышып жетти. Жарандарыбыз адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун салтанатташын, ошондой эле соттордун чынчыл жана адилеттүү, калыс жана сатылгыс болушун туура талап кылышууда.

 Кийинки жылдары сот системасын түп-тамырынан кайра куруу башталды. Кыйла татаал, бирок,  өтө маанилүү сот реформалары жүрүп жатат. Судьялар корпусун жаңылоо процесси аяктап баратат. Сот реформасы боюнча Кеңеш соттордун мыйзамдуу жана адилет чечимдерди чыгаруусуна негиз боло турган мыйзам долбоорлорун иштеп чыкты. Ал мыйзамдар сот процесстеринин ачык жана атаандаштыкта өтүшүнө өбөлгө болот. Арийне, алардын парламент тарабынан кабыл алынышы жарандардын сотторго болгон ишенимин жогорулатат.

Акыркы 4 жылда сотторду каржылоо 2 эсеге өстү. Мамлекет сот системасынын финансылык базасын чыңдап, судьялар корпусун материалдык жактан камсыздоону мындан ары да жакшыртат. Сот процесстерин видеого тартууну жана  он-лайн-берүүлөрдү киргизүү сот системасына болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө болууга тийиш.

Урматтуу сот системасынын кызматкерлери!

Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсөт. Биздин максат – адилет, ачык, калыс, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү.

Тилекке каршы, судьялардын таза жана адилеттүү иштөөсү мурдагыдай эле эң курч маселе бойдон калууда. Ошондуктан судьялардын жүрүш-турушуна калыс баа бере турган так механизмдер иштелип чыгышы керек. Бул ишке жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу азыркы учурдун талабына туура келет.

Сот системасындагы реформалар жарандардын конституциялык укуктарын, алардын эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылууга тийиш.  Калкыбыз мыйзам жана соттор мыйзам сыйлаган жарандарды коргой турганын, мыйзам алдында бардыгы тең экенин жана кылмыш жазасыз калбай турганын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.

Сиздерге бекем ден соолук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                А.Ш. Атамбаев».

2016-жыл 5-март