Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын финансы министри Антон Силуанов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-мартта, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Россиянын финансы министри Антон Силуанов менен жолугушту.

Жолугушууда ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фондунун ишмердигинин негизги багыттарын каржылоо боюнча кызматташтыктын маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ишкерлеринин, кайра иштетүүчүлөрдүн жана фермерлердин ыңгайлуу шартта төмөнкү пайыздуу насыяларды алуусун иш жүзүндө камсыз кылуу үчүн кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фондунун ишинин эффективдүүлүгүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстандын интеграциялык процесске катышуусунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фонду өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүүгө өбөлгө болууга тийиш.

2016-жыл 4-март