Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын негизги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-мартта, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Россиянын негизги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту.

«Интерфакс» маалымат агенттигинин борбордук кеңсесинде өткөн жолугушууда Мамлекет башчысы россиялык негизги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги багыттарына байланыштуу, ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги аспектилери тууралуу суроолоруна жооп берди.

Жолугушуу «Интерфакс» маалымат агенттигинин демилгеси боюнча өттү.

2016-жыл 3-март