Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-февралда, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күндөлүк иштер тууралуу маалымат алды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана УКМК төрагасы Абдиль Сегизбаев ошондой эле антитеррористтик иш-чараларды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттерди жана терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттарын талкуулашты.

2016-жыл 29-февраль