Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономика комиссиясынын Коллегиясынын председатели Тигран Саркисянды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-февралда, Евразия экономика комиссиясынын Коллегиясынын председатели Тигран Саркисянды кабыл алды.

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдиктин  күндөлүк ишмердигинин негизги багыттарына, интеграциялык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу  милдеттерине жана артыкчылыктарына байланыштуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиктин  мүчө болушу дүйнөлүк экономикадагы татаал процесстердин учуруна дал келгенин, бул интеграциялык бирикменин бардык мүчөлөрү үчүн жаңы милдеттерди жана чакырыктарды пайда кылгандыгын белгиледи. «Кыргызстандыктардын интеграцияга болгон үмүттөрү акталышы керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушунун алкагындагы иш-чараларды турмушка ашыруу жана өлкөнүн евразиялык интеграциялык процесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Президент Алмазбек Атамбаевге маалымат беришти.

2016-жыл 26-февраль