Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшенбек Зилалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-февралда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшенбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы мекеменин азыркы иштери, андан тышкары геологиялык-чалгындоо иштерин кеңейтүү, өлкө кен байлыктарынын объектилерин пайдалануу укугуна лицензия берүү жана ачык аукциондор менен конкурстарды  өткөрүү боюнча маалыматтарды укту.

Дүйшенбек Зилалиев өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын, анын ичинде былтыр ишке берилген Бозумчак, Талды-Булак сол жээк жана Иштамберди алтын кендеринин иши тууралу айтып берди. Анын айтымында, аталган мекеме пайдалуу кендерди казууну көбөйтүү үчүн тоо-кен өндүрүшүнүн кубаттуулугун арттыруу жана сапатын жогорулатуу боюнча жаңы милдеттерди алып жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуунун маанисин, ошондой эле кендерди пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстардын бардык баскычтарында ачыктыкты дагы арттырып, антикоррупциялык иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

2016-жыл 25-февраль