Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Секторду реформалоого контракт – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча Кыргызстан менен Евробирлигинин ортосундагы финансылык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган “Секторду реформалоого контракт – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо”  (DCI-ASIE/2014/025-021)программасы боюнча Кыргызстан менен Евробирлигинин ортосундагы финансылык макулдашуу ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.

Европа Бирлигинин “Секторду реформалоого контракт – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы өлкөнүн секторалдык саясатына жана стратегияларына ылайык натыйжалуу социалдык коргоо системасын өнүктүрүүнү колдоо аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күнтөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 25-февраль