Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Орусия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусия Өкмөттөрү ортосундагы Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2011-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Орусия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусия Өкмөттөрү ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 20-январында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги орусиялык тарапка Кыргыз Респбликасы тарабынан аталган Макулдашуу күчкө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

2016-жыл 25-февраль