Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-февралда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушууда ЖККУнун азыркы иштери жана аймактык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыктын багыттары боюнча маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа ошондой эле эл аралык террорчулукка жана экстремизмге каршы биргелешип каршы туруунун маанилүү маселелерин да талкуулашты.

2016-жыл 26-февраль