Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-февралда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында мамлекет башчысы өлкө Куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү, ошондой эле аскер түзүлүштөрүн чыңдоо жана армияны заманга ылайыктоо  тууралу күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту. 

Жыйындын катышуучулары Президентке улуттук коопсуздукту жана өлкө коопсуздугун бекемдөө, жарандардын коопсуздугу менен укук тартибин камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев күч блогунун жетекчилери жана аскер кызмачылары менен алардын үй-бүлөлөрүн социалдык коргоо, анын ичинде турак-жай менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу боюнча пландарын талкуулады.

Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын алдыдагы Мекенди коргоо күнү менен куттуктап, өлкө Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө мамлекет мындан ары да көңүл бурарын белгиледи.

2016-жыл 22-февраль