Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн динамикасы жана комплекстүү инфраструктуралык долбоорлордун, анын ичинде авто жолдорду жана көпүрөлөрдү куруунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Айтмамат Кадырбаев ошондой эле жылуулук берүүчү сезондун ийгиликтүү өтүп жатканы жөнүндө да баяндап берди.

Ош шаарынын мэри быйыл аяктаганы турган түштүк борборду таза суу менен камсыз кылуу системасын модернизациялоо боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки жылдары шаар тургундары үчүн ыңгайлуу турмуш шарттарын түзүүгө багытталган Ош шаарын инфраструктуралык өнүктүрүүнүн бир катар негизги маселелери чечилгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы түштүк борборду мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга байланыштуу Ош шаарынын мэрине бир катар тапшырмаларды берди.

2016-жыл 20-февраль