Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү пландары тууралу маалымат алды.

Жаныбек Капаров стратегиялык өнөктөр тарабынан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардамдар жана өлкө Эгемендигинин 25 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча даярдык иш чаралары тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Башкы штабдын башчысы Жаныбек Капаров аскердик башкаруунун борбордук органынын ишмердигинин, анын ичинде коргонуу иштерин камсыз кыла турган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

2016-жыл 18-февраль