Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы башкалаа чарбасын башкаруу жагында соңку эки жылда ишке ашырылып жаткан туташ кайра түзүүлөр келечекте өз үзүрүн бере турганын белгиледи. «Сиз ак жүрөктөн иштеп бердиңиз, шаардыктар арасында сурамжылоолор бишкектиктердин мэрияга ишеними арта баштаганын айгинеледи», - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен катар эле, Мамлекет башчысынын оюнча, мындай оор иш чаралар шаардыктар арасында жандуу түшүндүрүү иштери менен коштолууга тийиш. Бишкектиктер борбор калаанын жашоого жайлуу, коопсуз жана заманбап болушун тилешет.  

Президент Алмазбек Атамбаев Кубанычбек Кулматовго ийгилик каалап, башкалаа кызматтарын башкаруу жагынан ал баштаган кеңири реформаларды мэриянын жаңы жетекчилиги уланта турганына ишенерин белгиледи. 

2016-жыл 12-февраль