Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-февралда ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу чаралары тууралу маалымат алды.

Мелис Турганбаев быйылкы жылы өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча даярдык иштери тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча, активдүү иштерди улантуу, ошондой эле кылмыш эч убакта жазасыз калбаш керек деген принципти бекем сактоо зарыл экендигин баса белгиледи.

2016-жыл 11-февраль