Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-февралда финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы менен финансы министри 2016-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин жана аны аткаруу боюнча финансы мекемесинин пландарын талкуулашты.

Адылбек Касымалиев быйылкы жылга Финансы министрлигинин ишмердигинин негизги багыттары жана натыйжалары, анын ичинде 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген ири долбоорлорду каржылоо тууралуу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджеттин тең салмагын жана өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, экономикалык бир калыпта өнүгүүнү камсыз кылуу жана  өлкө жарандары алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди өз убагында толук аткаруу боюнча Финансы министрлиги менен башка мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин маанисин баса белгиледи. 

2016-жыл 9-февраль