Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-февралда, өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

 Жолугушуу учурунда Мамлекет башчысы өлкөдө туруктуу макроэкономикалык кырдаалды, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк жана Өкмөт коммерциялык банктар менен бирге жарандардын чет өлкөлүк валюта менен алынган ипотекалык насыяларын улуттук сомго которуу боюнча Президенттин тапшырмасы кандай аткарып жаткандыгы жөнүндө да айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев насыя алуучуларды колдоо боюнча бул программаны натыйжалуу жана так аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мындан ары да өлкөдөгү финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн жана валюта рыногунун тең салмактуулугун камсыз кылуунун манилүү экендигин белгиледи.

2016-жыл 8-февраль