Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент А.Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны С.Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы коштошуу сөзү

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык-драма театрында өлкө коомчулугу Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин коштошуу сөзүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов окуду.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу мекендештер, агайын-туугандар!

Кыргыздын чыгаан инсандарынын бири, алп акыныбыз жана нарктуу карыябыз Сооронбай Жусуевден айрылып, кабыргабыз кайышып турат. Сооронбай Жусуевдин дээрлик кылымга тете өмүр жолу согуштан берки Кыргызстан тарыхы менен сапарлаш. Жети жашынан атадан ажырап, бир жагынан жокчулукта чоңойгон Сооронбай ага жаңы бой жеткен кезде кан майданга аттанган. Согуштан оор жаракат менен кайтып келсе да, 70 жылдан ашуун мезгил бою кыргыз коомуна, поэзиясына жана адабиятына ак кызмат өтөдү. Жетим чоңоюп, согуш отун кечип, жаракат алып, андан кийин да бир муундун өмүрүнө тете мезгил бою талыбай эмгек кылуу – бул Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө өтө сейрек көрүнүш.

Акындык – Жараткан ыроологон сейрек касиет. Жөн адам акын болбойт. Башынан далай сыноолорду өткөргөн, замандын кубаныч-кайгысын, санаасын жан-дүйнөсүнө батыра алган айкөл адамдын гана жүрөгүнөн касиеттүү сөздөр тоо булагындай агып чыгат эмеспи.

18 жашында жазган «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ырынан тарта дээрлик бардык чыгармалары патриоттуулукка, эл-жерге ак кызмат өтөө, мекенин чексиз сүйүү сезимине ширелген. Кыргыз мамлекетин чыңдоо, улуттук ынтымакты бекемдөө жана ата-бабалар мурасын сактоо милдети алдыда турган азыркы заманда баарыбыз Сооронбай Жусуев сыяктуу инсандарыбызга карап түздөнөлү.

Кан майдандагы каармандыгы, көп жылдык чыгармачылык эмгеги жана улуттук маданий мураска кошкон салымы үчүн Сооронбай Жусуев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» ардактуу наамына татыган.

Сооронбай агабыздын көзү өтсө да, анын эмгеги көөнөрбөйт. Доорлор канча алмашпасын, алп акыныбыздын мурасы урпактарга таберик болуп кала бермекчи.

Сооронбай Жусуевден замандаштарына кандай эмгек, кандай өрнөк калды? Алп акын Сооронбай Жусуевден урпактарга бүтүндөй поэзия дүйнөсү, патриоттуулук менен ыйман таалиминин мектеби калды.

Сооронбай Жусуевден мекендештерине кажыбас кайрат менен көктүктүн, чынчылдык менен айкөлдүктүн өрнөгү калды.

Кыргызда наркы менен карыды, жакшы карыды деген сөз бар. Сооронбай Жусуев агабыз дал ошондой нарктуу карыялыктын үлгүсүн курдаштарына, башка карыларыбызга көргөзүп кетти. Уңгулуу сөздөрүн, нускалуу жүрүм-турумун эл-журтуна үлгү катары калтырып кетти.

Залкар акыныбыз, кеменгер агабыз Сооронбай Жусуевдин  жаркын элеси Кыргызстан элинин эсинде сакталат жана адабий мурасы улуттук маданиятыбыздан түбөлүк ордун табат.

Кош болуңуз, элибиздин кадырман карыясы!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, ыйманыңыз жолдош болсун!

Жараткан жаннаттан жай берсин!

КыргызРеспубликасынын 

Президенти                                                                          А.Атамбаев”.

2016-жыл 6-февраль