Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун биринчи отуруму болду

2016-жылдын 3-февралында  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун биринчи отуруму болду.

Биринчи жыйында негизинен уюштуруу жагы: иш тартиби, жумушчу топ мүчөлөрүнүн милдеттерин бөлүштүрүү, алдыда карала турган маселелер тизмеси талкууланды.

Отурум алдында медиа-жамааттардын пикирлерин эске алуу менен КР Президентинин Аппараты тарабынан эксперттик жумушчу топтун курамын кеңейтүү чечими кабыл алынып, жарандык коомдун өкүлчүлүгүн көбөйтүү максатында катарына кошумча көз карандысыз экспеттер киргизилди.

Бүгүнкүгө карата эксперттик жумушчу топтун курамына 24 медиа-эксперт кирди, алардын арасында жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын жана ЖМКлардын өкүлдөрү бар.

Маалымдама: Эксперттик жумушчу топко 2016-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө сөз эркиндигинин принциптеринин бузулбастыгын жана маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактоону эсепке алуу менен улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыттарын, ошондой эле азыркы шарттарда малыматты жыйноонун, чыгаруунун жана жыйылтуунун маселелеринин бардык чөйрөсүн камтыган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Буйрукка Кыргыз Республикасынын Президентинин  “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгына ылайык кол коюлду.

2016-жыл 4-февраль