Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-февралда Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хени туулган күнү менен куттуктады.
«Кыргызстан Корея Республикасын маанилүү өнөктөш катары эсептейт жана элдерибиздин жакшылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттырууга даяр. Кыргыз-корей алака-катыштарындагы жандуу жылыштарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу максатында Сизге ыңгайлуу убакта Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүгө Сизди кайрадан чакырам», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө.
Алмазбек Атамбаев андан тышкары Пак Кын Хени жылнаама боюнча кирип келген Жаңы жылы менен куттуктап, Корея Республикасынын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай, мамлекеттик иштерине ийгилик, ал эми дос корей элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.