Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2006-жылдын 28- ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2015-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.
КМШ өлкөлөрүндө жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу Макулдашууну ратификациялоонун максаты болуп саналат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.