Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өрттүн кесепетинен каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.
Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү буюруп, КР Президентинин Аппаратына бул маселени көзөмөлүнө алууну тапшырды.
Президент Алмазбек Атамбаев мындан тышкары каза тапкандардын сөөктөрүн мекенине алып келүү жагын колго алууну КР Өкмөтүнө тапшырды.