Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош жана Чүй облустарынын райондук сотторунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү тууралуу Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш 13 талапкерди Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук сотторунун судьяларын, ошондой эле жаңы талапкерлерди Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондук сотторунун судьялары кызматтарына дайындоо  боюнча сунуштарды  киргизген.

2016-жылдын 21-январында Мамлекет башчысы бул талапкерлердин айрымдары менен  аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнү эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 10 талапкер  боюнча сунуштарына макул болду.

Түрдүү мамлекеттик органдардан  кошумча түрдө алынган  маалыматтарды жана  пикирлерди  талдоонун жыйынтыгында Мамлекет башчысы сунуш кылынган 6 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 4  Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс менен тандалган төмөндөгү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына  дайындалышты: Акымбекова Айгерим Исламовна, Асаналиева Алтынай Аскарбековна, Аширов Жанышбек Сайдилаевич, Бекташов Нурпаис Абилатович, Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич, Колопов Эдуард Сексенбаевич, Орозматов Уланбек Тынчылыкович, Сооронбаев Нурланбек Курманбекович, Тентиева Майрамкүл Касахуновна, Токтосунов Тилек Калыкович.

Экинчи Жарлык менен Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук  жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо, жөнөтүү жана кызматынан бошотуу тууралуу, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондук сотунун судьясынын  ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жөнөтүлүштү:

- Ош обласунун Алай райондук сотуна

Орозматов Уланбек Тынчылыкович;

- Ош облусунун Араван райондук сотуна: Асаналиева Алтынай Аскарбековна, Колопов Эдуард Сексенбаевич;

- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна: Бекташов Нурпаис Абилатович, Токтосунов Тилек Калыкович;

- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна: Аширов Жанышбек Сайдилаевич, Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич, Сооронбаев Нурланбек Курманбекович;

- Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна: Акымбекова Айгерим Исламовна, Тентиева Майрамкүл Касанахуновна.

Үчүнчү Жарлык менен Ош облусунун Алай (1 судья), Араван (3 судья), Кара-Кулжа (2 судья) Кара-Суу (4 судья) райондук  сотторунун  азыркы курамы судьялык кызматынан бошотулду:

Ош облусунун Алай райондук соту;

Махмудов Сталбек Исакбаевич;

- Ош облусунун Арван райондук соту:

Арзыбаев Убайдула Кадырович, Мурзабеков Болотбек Тургунбаевич, Эргешова Мастура;

- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту:

Эргешов Абдижалил Садыбакасович, Асанов Тилек Болотбекович;

- Ош облусунун Кара-Суу райондук соту:

Жобонов Койчубек Касымович, Жалалова Марипат Шерматовна, Закиров Самарбек Жанышевич, Матраимов Назымбек Турдалиевич.

Төртүнчү Жарлык менен Ош облусунун тиешелүү жергиликтүү сотунун 2 судьясы кызмат ордуларына дайындалгандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун судьясы кызматынан бошотулду:

- Токтосунов Тилек Калыкович – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облусунун Сүлүктүү шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Аширов Жанышбек Сайдилаевич – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облусунун Кызы-Кыя шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укутарын жүргүзүүдөн.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жыл 29-январь