Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи отуруму өттү

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында бүгүн, 29-январда Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин биринчи отуруму болду.

Аталган Кеңеш мурдарак Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, маданий чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга чыгармачыл интеллигенциянын, коомчулуктун жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан оор сыноолордон өтүп, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгиледи. «Эми өлкө алдында маанилүү милдеттер турат, аларды аткарууда улуттук маданиятты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мааниси чоң. Маданияттан ажыроонун, адеп-ыйман жолунан таюунун арты коомго жана мамлекетке залакасын тийгизет. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө жана улуттук биримдикке жетишүүдө маданиятка зор милдет тагылган. Аны өнүктүрбөй туруп, Кыргызстандын башкы байлыгы – адам потенциалын калыптандыруу мүмкүн эмес», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, адабият жана искусство чыгармалары менен бир катарда ата салттарын сактоо жана азыркы заманга ылайык жаңы жүрүм-турум эрежелерин калыптандыруу абзел. Биринчи кезекте «кыргыз жараны» өрнөгүн калыптандыруу жана таратуу жөнүндө сөз кылуу керек. Азыркы кыргыз жаранын билимдүү, саламаттыгы чың, заман талаптарына шайкеш келүү менен, өз элинин тарыхын билип, маданиятын, ата салтын ала жүргөн адам катары элестетебиз. «Кеңеш мүчөлөрү улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекет маданият жана искусство ишмерлерине, жаш муундарга кандай жардам бере аларын ойлонууга тийиш. Биз маданиятты колдоо, маданий багыттарды жайылтуу боюнча конкреттүү сунуштарды жана чараларды иштеп чыгышыбыз керек», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Отурумда сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Бексултан Жакиев мамлекет менен маданияттын тарыхы ажырагыс экенине токтолду. «Руханий өнүгүү болбосо арты дайыма жамандыкка алып келет. Элибиздин кулк-мүнөзүндө эч качан болбогон жаман сапаттардан жана сырттан таңууланган эрежелерден арылууга тийишпиз. Кыргыздардын нукура кийимдери эч качан салттуу ислам эрежелерине каршы келген эмес. Исламга жамынуу менен азыркы жаштарга бөтөн салт-санааларды таңуулоо жараксыз», - деди Бексултан Жакиев.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаковдун оюнча, мектепте билим берүү системасын жаңылабай туруп, маданиятты өнүктүрүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары Казаков өлкөнүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Маданият, туризм жана маалымат министри Алтынбек Максүтов быйылкы Тарых жана маданият жылында маданиятты өнүктүрүү боюнча өз мекемесинин пландары тууралу маалымат берди. «Маданият ишмерлери үчүн 2016-жыл өзгөчө  болот. Быйыл Кыргызстанда эки миңден ашуун маданий иш чаралар өтмөкчү, анын ичинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири иш чара бар. Булардын баары өлкөнүн беделин көтөрүүгө, улуттук дөөлөттөрдү жана салттарды сактоого багытталган», - деп белгиледи Алтынбек Максүтов.

Кеңеш отурумунда  Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын ректору  Тургунбай Садыков,  Ош мамлекеттик социалдык университетинин алдындагы окуу китептерин даярдоо борборунун директору Махаммаджан Мамасаидов, жазуучу, драматург Султан Раев, Кыргызстан элинин “Мурас” тарыхый-маданий мурасы фондунун  башкарма төрагасы Тынчтыкбек Чороев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов өз сунуштарын жана пикирлерин ортого салды. 

Мамлекет башчысынын төрагалыгы астында өткөн Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды жана алдыдагы иштерди талкуулады.

Отурумдагы талкууларды жыйынтыктап жатып, Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүдө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө Кеңештин алдында турган иштердин жана маселелердин маанисин дагы бир жолу баса белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, улуттук маданиятты өнүктүрүү, маданият ишмерлерин, чыгармачыл интеллигенцияны жана таланттуу жаштарды колдоо боюнча Кеңеш мүчөлөрүнөн аткарыла турган, так сунуштар талап кылынат.

 

2016-жыл 29-январь