Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Боконбай Казаковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Боконбай Казаковду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коррупциялык багыттагы кылмыштарды ачуу жана тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, 2015-жылдагы иштин жыйынтыктары, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү боюнча  УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын болочок пландары тууралуу маалымат алды.

Боконбай Казаков 2016-жылы коррупциянын алдын алуучу чараларды иштеп чыгууга, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы коррупциянын бетин ачууга жана болтурбоого өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө коррупцияга күрөштү мындан ары да күчөтүү жана активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы улуттук экономиканын натыйжалуулугун жана анын коопсуздугун камсыз кылууда коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисине өзгөчө көңүл бурду.

2016-жыл 28-январь