Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү

2016-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Эксперттик жумушчу топко 2016-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө сөз эркиндигинин принциптеринин бузулбастыгын жана маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактоону эсепке алуу менен улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыттарын, ошондой эле азыркы шарттарда малыматты жыйноонун, чыгаруунун жана жыйылтуунун маселелеринин бардык чөйрөсүн камтыган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Буйрукка Кыргыз Республикасынын Президентинин  “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгына ылайык кол коюлду.

Эксперттик жумушчу топтун курамына жарандык коомдун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

2016-жыл 27-январь