Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-январда, өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөдө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, анын ичинде жарандардын биометрикалык карталар системасын киргизүү  боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Талантбек Батыралиев ошондой эле азыркы кезде Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу боюнча пландуу иш чараларды турмушка ашырып жатканын жана сасык тумоого чалдыккандардын саны өлкөнүн бардык региондорунда мерчемделген деңгээлден ашпагандыгын билдирди.

Андан тышкары, саламаттык сактоо министри Бишкек шаарында жаңы перинаталдык борбордун, Жалал-Абад областтык клиникалык оорукананын жана Ош шаардык ооруканасынын жаңы заманбап корпустарын куруп баштоого даярдык көрүлүп жаткандыгын айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды кылдат ойлонуп жүргүзүү, медициналык кызматтын сапатын иш жүзүндө жакшыртууну камсыз кылуу жана тармактагы коррупцияны жоюу зарылдыгын баса белгиледи.

2016-жыл 27-январь