Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК инженери Өмүрбек Убайдиллаевдин үй-бүлөсүнө Ардак грамота жана материалдык жардам тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин Биринчи орун басары Улукбек Марипов бүгүн, 20-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан «Датка-Кемин» долбоорунун ийгиликтүү аякташына салым кошкон “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААК инженери Өмүрбек Убайдиллаевдин үйүнө барып, анын жакындарына  Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын тапшырды.

Улукбек Марипов Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Өмүрбек Убайдиллаевдин үй-бүлөсүнө анын кайтыш болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин Биринчи орун басары Президент Алмазбек Атамбаев «Датка-Кемин» долбооруна чоң маани бере тургандыгын жана өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар ири энергетикалык долбоордун ийгиликтүү аякташына Өмүрбек Убайдиллаевдин кошкон салымын жогору баалай тургандыгын белгиледи.

Улукбек Марипов Мамлекет башчысынын атынан Өмүрбек Убайдиллаевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам да тапшырды.

2016-жыл 20-январь