Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Карапайым кыргызстандыктардын, жаратмандардын жана эмгекчилердин кайратмандыгы менен өлкө өнүгүү жолуна түштү»

Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбека Атамбаевдин катышуусу менен “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыктары боюнча  республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи болду.

Мамлекет башчысы сыйлангандарды куттуктап жатып, ал үчүн бүгүн татыктуу адамдарга мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу чоң урмат экенин белгиледи.  “Кыргызстан элинин атынан кайратман жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн, Мекенибизге болгон сүйүүңүздөр үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент мамлекеттик сыйлыктар институтунун кунары качып, аброю түшүп кеткендиктен, кийинки жылдары Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыктар сейрек тапшырылып келгенин белгиледи. Мамлекет башчысы мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынбай калган мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору азыркы парламент тарабынан колдоо табаарына ишеним билдирди.

“Сиздер сыйлыкка ак ниет эмгегиңиздер менен татыктуу болдуңуздар. Сиздердин жана миңдеген карапайым кыргызстандыктардын, жаратмандардын, эмгекчилердин кайратман жана ак ниет эмгеги менен гана өлкө өнүгүү жолуна түштү. Бүгүн мамлекеттик сыйлык алып жаткандар дал  ушундай чыныгы мекенчил инсандар. Мен үчүн сиздерге сыйлык тапшыруу чоң урмат  ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Биз бүгүн ак ниет эмгеги менен журт сыйына татыган катардагы кызматкерлерге сыйлык тапшырабыз. Мен силердин араңарда турганым үчүн сыймыктанам. Эң оор, кыйын күндөрдө да мен өз турмушумда кезиктирген карапайым адамдарды, эмгекчилерди эстегенде кыйла жеңилдеп калам. Анткени жалгыз дарак токой болбойт. Өлкөбүздө ушундай адамдар бар экендиги үчүн мен бактылуумун жана сиздер менен ар дайым сыймыктанам”, - деди Алмазбек Атамбаев. 

Мамлекет башчысы эң кыйын мезгилдер артта калганын  белгиледи. “Ууру-кескилердин мезгили, мамлекеттик кызматта жүрүп мультимиллионер болгондордун заманы бүттү. Жаратмандардын доору келди. Биз ушул гана өлкөдө, өз Мекенибизде гана бактылуу болоорубузду адамдар түшүнө башташты ”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент дүйнөдөгү экономикалык жана саясий жөнөкөй эмес кырдаалга токтолду. “Бирок биз жаратман эмгегибиз, туулган жерибизге болгон сүйүүбүз, өлкөдөгү биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты сактоо менен гана алдыга койгон максаттарыбызга сөзсүз жетише алабыз ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы сыйлангандарга мындан аркы ийгиликтерди, чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо Президент Алмазбек Атамбаев бардык сыйлангандарга 10 миң сомдон, өлгөндөн кийин сыйлангандардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон тапшырды. Каражат Мамлекет башчысынын чечими менен Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.

2016-жыл 20-январь