Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-январда, өлкөнүн Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү жана анын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, калкты Бирдиктүү мамлекеттик реестрлөөнүн экинчи баскычынын иштелип чыккан концепциясынын негизги багыттары, ошондой эле жарандарды алдыңкы маалымат технологиясын пайдалануу менен тейлөөнү  уюштуруу боюнча ведомстволуктун мындан аркы пландары тууралуу маалымат алды.

Тайырбек Сарпашев ошондой эле жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз иштер жана өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун заманбап технологияларын киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылууга жана алар көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга, ошондой эле коррупцияны жоюуга жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш экендигин белгиледи.

2016-жыл 19-январь