Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Абдыганы Маматов, Сатыбалды Ташбаев жана Мирлан Исаев жергиликтүү сотунун судьялары кызматынан четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына макулдук бергендигине байланыштуу:

Маматов Абдыган Оморович, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин;

Ташбаев Сатыбалды Кочкорович, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин;

Исаев Мирлан Асекович, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин;

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 14-январь