Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жолдош Асаналиев жана Таалайбек Акматов Ысык-Көл облусунун Ысык-көл облустук сотунун судьялары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары Асаналиев Жолдош Асанакуновичге жана Акматов Таалайбек Калыбековичге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык токтом кылынат:

Ысык-Көл облусунун Ысык-көл облустук сотунун судьялары Асаналиев Жолдош Асанакунович жана Акматов Таалайбек Калыбекович кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 14-январь