Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунуша боюнча токтом кылынат:

Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордунда жүзөгө ашырып жаткан Кылабева Шааркан Акматалиевнанын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укутары ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2015-жылдын 29-декабрынан баштап токтотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 6-январь