Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Каттообек Абышов Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун судьясынын кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Консутитуциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, төмөндөгүдөй токтом кылынат:

Медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жарамсыз болгондугуна байланышту Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун  судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Абышов Каттобек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 6-январь