Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз  Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-январда, өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына тышкы саясаттын эң маанилүү векторлорунда Тышкы иштер министрлигинин 2015-жылдагы ишмердигинин негизги жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилди. 

Эрлан Абдылдаев ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүү, чет өлкөлүк негизги өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга карата пландар туралуу баяндап берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк саясаттагы чыңалуунун өсүшүн эске алуу менен Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын мындан ары карай өнүгүшү өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына шайкеш  болуусу зарыл экендигин белгиледи.

2016-жыл 18-январь