Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Улукбек Марипов бүгүн, 16 январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Кыргызстан Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, кабар алганы барды.

Улукбек Марипов Президент Алмазбек Атамбаевдин Бексултан Жакиевдин 80 жылдык мааракесине арналган куттуктоосун жолдоду 

«Сиздин чыгармаларыңыз бизге эргүү берип, жаркын келечекке үмүт, куунак жашоого кубаттайт.  Сиздин өмүр жана чыгармачыл тажрыйбаңыз жаш кыргызстандыктарга үлгү жана баа жеткис мурас.  Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө жумшаган эмгегиңизди, кошкон салымыңызды жогору баалайт», - деп билдирди ал.

Улукбек Марипов кыргыз эл жазуучусуна чыгармачыл ийгилик, узун өмүр, чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.   

Бексултан Жакиев өз кезегинде мамлекет Башчысынын куттуктоосуна, кыргыз маданиятына  жасаган колдоосу үчүн ыраазылык билдирди. 

 «Президент Алмазбек Атамбаевдин чыгармачыл ишмерлерге көңүл буруп жана колдоого алганы мени абдан кубандырат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу. 


 Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

 Ардактуу Бексултан ага!

Сизди 80 жыл кутман курагыңыз менен куттуктайм! 

Кыргыз маданиятында жана сөз өнөрүндө Сиздин опол тоодой ордуңуз бар. Драматург Жакиевдин «Атанын тагдыры» аттуу пьесасы бүтүндөй бир муундун көкүрөгүндө али да сакталуу.

Улуу согуштун азап-тозогун көтөргөн каарман карыянын образы кезинде мекендештерибиздин кайратын арттырып, эртеңки жакшылыктарга шыктандырган. Бекеринен бул драма сахнада 500дөн ашуун жолу коюлган эместир. 

Сиз кыргыз драматургия өнөрүнө баа жеткис салым коштуңуз.Чыгармаларыңыз курч сюжеттерге жыш болсо да, түпкүлүгүндө көрөрмандын жаркын келечекке ишенимин арттырганы менен баалуу. «Алтын аяк», «Күттүргөн жаз да келер» деген аталыштар буга күбө. 

Бир катар чыгармаларыңыз орус, якут, казак жана башка тилдерге которулуп, чет өлкө театрларында азыр да коюлууда. Айтылуу классиктер Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргызча “сүйлөттүңүз”. 

Кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрүнүн ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылышына кошкон салымыңыз зор. 

Сиздин эмгегиңиз коомчулук жана мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, акырында Кыргыз Эл Баатыры деген ардактуу сыйлыктарга жана наамдарга татыдыңыз. Бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болдуңуз. 

“Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт” деген учкул сөз Сизге куп жарашат. Азыр да кайратыңыздан кайтпай, кийинки муунга аталык, агалык акыл кебиңизди айтып келатасыз. Калкыбызга руханий дем-шык берген акылман кептериңизге, омоктуу ойлоруңузга дайыма муктажбыз. 

Сизге узак өмүр, бекем ден соолук каалайм! Эл-журтуңуз менен кошо бакубатчылыкта болуңуз.

Кыргыз Республикасынын

 Президенти                                    Алмазбек Атамбаев  

 

2016-жыл 16-январь