Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Соңку кезде өлкөбүздүн тарыхына бирдиктүү көз карашты калыптандыруу боюнча Кыргызстандын окумуштуулары көп иш жасады - КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси

2016-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын кезектеги отуруму болду. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов 2015-жылы көп жумуштар аткарылганына, ошону менен бирге азыркы тапта Кыргызстандын тарыхы боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу милдети турганына токтолду.

"Соңку кезде өлкөбүздүн тарыхы боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу боюнча Кыргызстандын окумуштуулары көп иш жасады”, – деп белгиледи Фарид Ниязов.

Отурумда Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасынын “Мурас” фондунун 2015-жылы аткарган иштери боюнча маалымат берилип, 2016-жылы - “Тарых жана маданият” жылында аткарыла турган негизги иш-чаралардын планы талкууланды.

Комиссия мүчөлөрү тарых илимин комплекстүү өнүктүрүү, архив таануу, булак таануу, археология, этнография, ж.б. тармактарга каржылык жардам сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты. Кыргызстандагы материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана алар тууралуу маалыматты кеңири жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тарых жана маданият” жылына карата чыккан Жарлыгында белгиленген тарыхый-маданий мурастын объекттерин, археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү, “көмүскө археологдорго” каршы коомчулук менен биргеликте күрөшүү жана эл аралык илимий кызматташтыкты тереңдетүү багыттары боюнча сунуштар киргизилди.

 

 

 

2016-жыл 16-январь