Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Жаныбек Капаровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-январда, Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду жана өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Жаныбек Капаровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалооонун жүрүшү жана аскер түзүмдөрүн чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Темир Жумакадыров жана Жаныбек Капаров ошондой эле өлкөнү коргоону камсыз кылып жатышкан мамлекеттик органдардын бирдиктүү борбордун – Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруусу алдында өз ара аракеттешүү системасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндап беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев жолугушуунун катышуучулары менен өлкөнүн аскерий мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо, мамлекеттин коргонуу жөндөмүн арттыруу жана антитеррористтик чараларды күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулады.

2016-жыл 15-январь