Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-январда, Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Президент УКМК кызматкерлерин жаңы конуштары менен куттуктады. Ал өлкөнү коргоп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылып жатышкандар жөнүндө мамлекет мындан ары да камкордук көрө тургандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, өлкөдө чекисттер, аскер кызматчылары, милиционерлер, чек арачылар жана куткаруучулар үчүн турак жайларды куруу улантылат. Президенттин айтымында, бул иш системдик мүнөзгө ээ болуп калды.

Президент Алмазбек Атамбаев татаал жана жоопкерчиликтүү кызматы үчүн УКМК кызматкерлерине алкыш айтты, ал эми алардын үй-бүлөлөрүнө – чыдамкайлыктары жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы өлкө чекисттери мындан ары да мамлекеттин жана коомубуздун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрө тургандыгына ишенерин айтты.

2015-жылдын сентябрында да Бишкек шаарында КР УКМК кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй пайдаланууга берилген болчу.

2016-жыл 14-январь