Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Стамбулдагы жардыруудан немис туристтеринин курман болгонуна байланыштуу Германиянын Федералдуу Президенти Йоахим Гаукка жана Федералдуу канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев адамдардын өлүмүнө алып келген Стамбулдагы Султанахмет борбордук аянтында болгон жардырууга байланыштуу Германиянын Федералдуу Президенти Йоахим Гаукка жана Федералдуу канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты.

"Кыргызстан бул кыянат террорчулукту чечкиндүү айыптап, террорчулук аракеттер жол берилгис жана эч бир актоого жатпайт деп эсептейт" - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.

2016-жыл 13-январь