Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-январда өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү иштери жана укук коргоо органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча пландар тууралуу маалымат берилди.

Индира Жолдубаева ошондой эле ишкерлердин укугун коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүп жаткан иш-чаралар тууралуу да айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекетте мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Башкы прокуратурага кылмыштуулук жана коррупция менен күрөштү мындан ары да күчөтүү багытында бир катар тапшырмаларды берди.

 
2016-жыл 13-январь