Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Райимберди Дуйшенбиев менен Дүйшөнбек Чоткараевге генералдын погондорун тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дуйшенбиев менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевге  генералдын погондорун тапшырды.

Буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыктары менен Райимберди Дуйшенбиев менен  Дүйшөнбек Чоткараевге “генерал-майор” аскердик наамдары ыйгарылган.

Күч блогунун жетекчилеринин катышуусунда генералдын погондорун тапшырып жатып Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары мамлекет Куралдуу Күчтөргө мамилесин түп-тамырынан бери өзгөрткөндүгүн жана аскер түзүмдөрүн, укук коргоо органдарын бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгиледи. Акыркы кезде Кыргызстанда  аскер кызматкерлери, укук тартибин коргоо жана куткаруучулар үчүн көп квартиралуу  үйлөр курулгандыгын жана  дагы курулуп жаткандыгын, алардын кызматтык шарттарын, социалдык коргоону жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгына токтолду.

Президент ошондой эле  өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, террорчулукка  жана экстремизмге каршы күрөш боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин, анын ичинде  коркунучтарга карата өз учурунда чара көрүү менен өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Райимберди Дуйшенбиев менен Дүйшөнбек Чоткараевге генерал деген бийик наамга татыктуу болуп, өлкөнүн келечеги үчүн кызматтарына мындан аркы ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 11-январь