Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору Сооронбай Жээнбековду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору Сооронбай Жээнбековду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына ведомствонун учурдагы ишмердиги жана мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча пландар туурасында маалымат берилди.

Сооронбай Жээнбеков  ошондой эле Кыргызстанда кезектеги декларациялык өнөктүк башталгандыгы, анын жыйынтыгы боюнча биринчи жолу мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери гана эмес, чыгашалары  тууралуу дагы маалыматтар чогултулаары туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев   мамлекеттик функцияларды жана калкка сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү так ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

2016-жыл 7-январь