Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды  Рождество майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын христиандары!

Сиздерди жаркын майрам  –   Рождество менен  куттуктайм!

Көп кылымдарды карыткан бул майрам терең мааниге сугарылып, жакшылык менен калыстыктын салтанаты катары белгиленет. Ынанымы бар ар адамдардын жүрөгүн жанындагыларды жакшы көрүү жана  боорукердик, пейилди оңдоп, жакшылык жасоого ниет кылуу сыяктуу бийик сезимдерге толтурат.

Православие христиандары өлкөбүздөгү конфессиялар аралык ынтымактын,  тынчтыктын  жана туруктуулуктун сакталышына олуттуу салым кошууда. Биз сиздердин өлкөбүздүн социалдык, экономикалык жана руханий өнүгүшүнө кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз.

Ушул жаркын майрамда Жаратканды тааныган бардыгыңыздарга чың ден-соолук, күч-кайрат жана жакшылыкка багытталган бардык ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар бир үйдө, ар үй-бүлөдө бакыт, бакубатчылык жана береке уяласын!

Кыргызстаныбыздын асманы дайыма ачык, элибизде биримдик жана ынтымак болсун!

       

Кыргыз Республикасынын                        

Президенти     Алмазбек Атамбаев”

2016-жыл 6-январь